Жол кырсыгынан беш адам жабыркап, бирөө каза болду

Ысык-Көлдүн Тоң районунда “Форд-Фокус” менен “Фольксваген-Пассат” кагышып, биринчи унаадагы беш адам жабыркады. “Пассаттын” айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык 4-ноябрда түнкү саат төрткө жакын  Кара-Коо-Коңур-Өлөң жолунда жүз берген.

Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика