Аркарды таш менен башына уруп жыгыткандардын видеосу чыкты

Бүгүн, 6-ноябрь күнү Фейсбук социалдык тармагында тоонун астында турган аркарды таш менен башына уруп жыгыткан видео талкууга түштү.

Видеону Самат Абделов аттуу колдонуучу жарыялаган. Тасмада иттерден коркуп тоонун кырында турган аркарды жарда турган адамдардын бири таш менен башына урат. Экинчиси шеригинин кылган аракетин тасмага тартып турган. Эки жолу таш анын мүйүзүнө тийип, үчүнчүсүндө жаныбарды жыгыткан.

Аркар Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбар.

Өкмөт беш жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизгени жатат. Чектөө боюнча түшүндүрмөнү бул жактан окуңуз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика