Бишкекте тигүүчүлүк өндүрүш жумалыгы өтөт

7-16-ноябрда Бишкекте  Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өндүрүш жумалыгы өтөт. Экономика министрлиги бул текстиль-тигүү өндүрүрүшүн өнүктүрүүгө арналган алгачкы ири иш чара деп ишендирүүдө. 

Өкмөт башчынын катышуусу менен мода жумалыгы жана форум өтөт.

7-11-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көргөзмө-жарманкеге коюлат. Анда кыргызстандык компаниялар кийим, бут кийим, кездемелерди сунушташат.

13-16-ноябрда “Жаннат” мейманканасында Мода жумалыгы өтөт. Жаш дизайнерлердин «The Next Fashion», өндүрүүчү компаниялардын «Fashion Brand», кол өнөрчүлүк буюмдардын «Алтын тоос» сынактары өтөт.13-14-ноябрда ошол эле мейманканада тигүүчүлүк тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Тигүүчүлүк өндүрүш жумалыгын Өкмөт, жеңил өнөр жай ишканаларынын “Легпром” ассоциациясы, Фешн дизайнерлердин ассоциациясы, “Дайры” коомдук фонду,  ПРООН, ITC, ЕБРР, MOT,Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштурууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика