Кездеме кампадагы өрттү беш саатта өчүрүштү

Бишкек шаарындагы “Деңиз-Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу капмадагы өрт бүгүн таңга жуук толугу менен өчүрүлдү. Жалын менен күрөшкө дээрлик беш саатан ашык убакыт кетти.

ӨКМ билдиргендей, кампадагы өрт тууралуу маалымат кечээ саат 21:56да келип түшкөн. Жалынды өчүрүүгө төрт унаа жана  элүүдөй кызматкер тартылган.

Аянты 900 чарчы метр болгон үч кабаттуу контейнер толугу менен күйдү. Кырсыктын себеби такталууда.

Өткөн суткада өлкө аймагында он өрт кырсыгы катталды. Күн сууктагандан бери тилсиз жоо күч алууда. ӨКМ электр жабдыктарын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Сүрөт: 24.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика