Патрулдук милиция жол коопсуздугуна гана эмес, коомдук коопсуздукка да жооп берет

Бул тууралуу күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушуу учурунда маалым болду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билидргендей, президент эксперттик топтун демилгесин колдоп, патрулдук милцияга кабыл алына турган кызматкерлерди сынактан өткөрүп тандоо таза, жарандык коомдук өкүлдөрүн тартуу керек экенин белгиледи.

Тамерлан Ибраимовдун айтымында, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Анын кызматтык милдеттери өзгөртүлөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Ушул жылдын август айында президенттин тапшырмасы менен жол кырсыктарынын деңгээлин азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жумушун күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыккан эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 1-апрелинде ИИМдин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Бирок бул мекеме жоюлуп, ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайрадан түзүлгөн болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика