Сүйүнчүнү алуу үчүн 16 банктан акысыз эсеп ачыңыз. Тизме

Мындан ары төрөлгөн балага сүйүнчү пул ата-эне ачкан эсепке которулат. Ал үчүн Социалдык өнүгүү министрлиги менен келишим түзгөн 16 банктан акысыз эсеп ачса болот. Бул тууралуу “Калыс Медиага” министрликтин басма сөз кызматынын билдиришти.

Бүгүн, 6-ноябрда өткөн жыйынды жаңы төрөлгөн балага бир төлөнчү акчаны берүүнү жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча маселе каралды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын, Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында, министр Улукбек Кочкоров сүйүнчү акчаны берүү боюнча эрежелерди өзгөртүп, жөнөкөйлөтүү жана тездетүүнү талап калды. “Электрондук өз ара аракеттенүү борборунун” директору Нурия Кутнаева сүйүнчү пулду берүүдөгү коррупциялык элементтерди алын-алуу максатында мындан ары акча ата-эне ачкан эсепке гана которулмай болгонун айтып өттү.

Жыйында ошондой эле социалдык өнүгүү министрлиги 16 банк менен келишим түзгөнү маалым болду. Бул банктардан төрөлгөн баланын ата-энеси акысыз эсеп ача алат. Министрлик эсеп ачууга кеткен каражатты өз мойнуна алды.

Банктардын тизмеси:
“БТА банк”
“Айылбанк”
“КICB”
“Банк – Азии”
“Россинбанк”
“Доскредобанк”
“Аманбанк”
“ЭкоИсламикбанк”
“Бакайбанк”
“Кыргызстан”
“Бай-Түшүм банкы”
“Финанс-кредит банк”
“Халыкбанк Кыргызстан”,
“РСК “
“Банк Компаньон”
“ФИНКА Банк”

Бул тизмедеги банкаттардын башкасынан эсеп ачылса, төлөм алынат.

  • Бүгүнкү күнгө келип өлкө боюнча 75 миң балага 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилген.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика