Турдуназир Бекбоев жаңы кызматка дайындалды

Турдуназир Бекбоев Президент жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бекбоев буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Мурда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын Туруспек Коеналиев жетектеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика