«Жунда» заводунда иш токтоду

Мунайды кайра иштетүүчү «Жунда» заводунун токтотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн ушул тапта өтүп жаткан жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, соттук териштирүүлөр заводдогу абалды начарлатты.

«Заводду өзгөчө кырдаал өкүм сүрүүдө. Жумуш токтоду. Салыктык чыгым 200 млн. сомду түзүшү мүмкүн»,-деди министр.

Панкратов өлкөдөгү жалпы эле мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу оор жагдайды белгилеп, чийки мунайды 450 тонна жеткирүү боюнча Россия менен түзүлгөн келишимге карабай, бул көлөмгө жеткен жок деди.

“Жунда” заводу Кытайдан келген инвестициянын эсебинен курулган. Жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташканы менен түрдүү пикир келишпестиктерден улам толук кандуу иштей албай келет.

Жергиликтүү тургундар заводон бөлүнүп чыккан уулуу заттар экологияга, ден соолукка зыянын тийгизип жатат деп нааразы болуп келишкен.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика