Футбол: Япония менен беттешке чыкчу Кыргызстан командасынын курамы белгилүү болду

10-20-ноябрда Японияда  өтө турган окуу-машыгууга футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынан ким барары анык болду. Команда Япония менен жолдоштук беттеш да өткөрөт.

Футбол федерациясынан билдиршкендей, тизмеге 32 футболчу кирди:

Дарбазачылар: Кадырбеков Кутман ( “Дордой”), Акималиев Калыс ( “Абдыш-Ата”), Матяш Павел (клубда жок).

Коргоочулар: Козубаев Тамирлан, Откеев Авазбек, Юсупов Мустафа (баары – Дордой”), Шакиров Шерзот (“Нефтчи”), Акматов Айзар (“Алга”), Тэго Дениэл (“Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Майер Виктор ( “Виденбрюк”, Германия), Шумейко Вениамин ( “ЮиТМ”, Малайзия).

Жарым коргоочулар: Сыдыков Азиз, Ахмедов Муролимжон, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан, Мусабеков Фархат, Шамшиев Ислам (баары – “Дордой”), Дуйшобеков Бахтияр (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Исраилов Ахлидин (клубда жок), Бернхардт Эдгар (“Тыхы”, Польша), Рустамов Турсунали (“Алга”)

Чабуулчулар: Люкс Виталий (Ульм 1846, Германия), Батырканов Эрнист (“Дордой”).

Япония менен беттеш окуу-машыгуунун акыркы күнү – 20-ноябрда өтөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика