Аскаров эл аралык форумда Кыргызстанды санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүштү

0

Ввице-премьер-министр Замирбек Аскаров Астана шаарында өткөн «Digital Bridge» эл аралык инновациялык форумуна катышы. Ал Кыргызстанды санариптештирүү жаатында чет элдик инвесторлор менен иштешүү тажрыйбасы тууралуу сөз сүйлөдү. 

Аскаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда санариптик интеграциялашууну күтүп жатканын кошумчалады.

«Кыргыздар жана казактар – бир эл. Биз бири-бирибизди сандар гана аркылуу эмес, биздин тилибиз аркылуу да түшүнүшө алабыз. Инфраструктура муундарды жана аймактарды бириктирет. Эгерде биз бүгүн санариптик инфраструктураны ырааттуу түзө турган болсок, анын жыйынтыгында биздин програмалар элибизди бириктирет. Бул санариптештирүү үчүн бирдиктүү укуктук чөйрөнү түзүүгө да байланыштуу.  Анда процесстерди формалдаштыруу да бирдиктүү болуп, программисттерге ыңгайлуу жана жеңил болот», – деди Замирбек Аскаров.

«Digital Bridge» – тажрыйба алмашуу жана инновациялык чечимдер, ошондой эле Борбордук Азия жана дүйнө аралык санариптик көпүрө түзүү максатындагы жыл сайын өтүүчү форум. Быйылкы жылы иш-чарага ар кыл өлкөлөрдүн маанилүү мамлекеттик секторунан, эл аралык  ИТ-коомчулуктан өкүлдөр, технология жаатындагы эксперттер, ишкана жетекчилери, окумуштуулар, ошондой эле 25тен ашуун өлкөдөн венчурдук инвесторлор катышты.

Сүрөт: Егемен Қазақстан

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of