Куру-Тегерек кениндеги байытуучу фабрика декабрдан иш баштайт

Чаткалдагы Куру-Тегерек кениндеги байытуучу фабрикасы ушул жылдын декабрында иш баштайт. Даярдыктар бүткөнүн билдирген кытай тарап инвестиция жана жумушчу орундары дагы көбөйөрүн убадалады.

Алтын кендин жумушун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен 7-ноябрда  талкуулады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдой турганын билдирди.

Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдады. Ал компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, Куру-Тегерек кенин иштетүүгө ушул кезге чейин 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.

Чаткалдагы Куру-Тегерек кенинде 100 тонна алтын, 370 тонна жез бар деп болжонот. Бул жерди иштеткен “Кичи-Чаарат” ишканасынын айланасында бир нече ирет каржылык чатактар орун алган. 2013-жылы ал салык төлөөдөн качып, мамлекетке 135 млн сом зыян келтирген. Ушул жылдын жазында болсо Башкы прокуратура “Кичи-Чаараттын” 2003-жылы алган лицензиясы мыйзамсыз улантылып келе жатканын кабарлаган. Мындан сырткары ишкана шагыл алуу үчүн дамбаны мыйзамсыз куруп, дээрлик 60 кг жакын алтынды жок кылган. Кесепетинде казынага миллиондогон сом зыян болгону маалымдалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, өкмөт Кыргызстандагы башка кендерди ишке киргизүү менен жалгыз Кумтөргө болгон көз карандылыкты жоюу аракетинде. Жакынкы үч жылда план боюнча 7 жаңы алтын кени ишке кирет. Алардын бири – Куру-Тегерек кени. Келерки жылы кору 100 тоннага жектен Жерүйдө жумуш башталары күтүлүүдө.

Кыргызстанда алтын кендеринин жалпы кору 250 тоннаны түзөт. Анын ичинде Кумтөрдүкү 95 тонна. Кенде алты жылдык гана жумуш калды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика