Ош-Бишкек жолунда абал кандай? 112 кызматы жооп берет

Ош-Бишкек жолунун учурдагы абалы

Ушул тапта Ош-Бишкек жолунун тоолуу аймактарында кар жаап жатат. Жолдор тайгалак. Тиешелүү кызматтар трассаны кардан тынбай тазалап жатат. Азырынча тыгындар жарала элек. Бул тууралуу ӨКМдин бирдиктүү 112 кызматы билдирди. 

“Кышкы дөңгөлөксүз чыккан айдоочулар да жок эмес. Бирок алардын айынан узакка созулган тыгындар орун алган жок”, – дешти 112 кызматынан. 

Кечки саат сегизден тарта оор жүк ташуучу унааларга Бишкек тараптан Сосновка, Ош тараптан Арал постторунда чектөө бар.

ӨКМ 8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирген. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор  тайгак болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика