Ош милициясы чемпион кесиптешин салтанаттуу тосуп алды

Гир спорту боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынган милициянын полковниги Алмаз Балтабаевди кесиптештери “Достук” өткөрмө бекетинен тосуп алышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 

Ош ШИИБнин тергѳѳ кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев Ѳзбекстандын Бухара шаарында 1-6-ноябрь күндѳрү ѳткѳн  дүйнөлүк чемпионатка катышкан. Гир көтөрүү боюнч бул биринчиликке дүйнѳнүн 15 мамлекетинен 230дѳн ашуун спортсмендер ат салышты. Аларадын арасынан Балтабаев алтын медалга татыктуу болду. 

Алмаз Балтабаев – гир спорту боюнча Кыргызстандын, КМШнын бир нече жолку чемпиону.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика