Тажикстан: абактагы тополоңдо 13 адам өлтүрүлдү

Хоженттеги катаал режимдеги абакта чыккан тополоңдо жаза өтөп жаткан 13 адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости Согди облусунун күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, кармалгандардын бири, “Ислам мамлекети” тобунун мүчөсү кароолчунун куралын тартып алып, абак кызматкерлерине ок чыгара баштаган. Кармалып тургандар түрмөнүн бир корпусун колго алууга жетишкен.

Абактагы башаламандык 8-ноябрга караган түнү башталган.

Тажикстан кошуна Кыргызстан жана Өзбекстанга алып барчу жолдорго блок постторду коюп, коопсуздук чараларын күчөттү.

Сүрөт: РИА новости

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика