Улан Эгизбаев дагы бир эл аралык сыйлыкка татыды

“Азаттыктын” журналисти маркум Улан Эгизбаев David Burke атындагы дүйнөдөгү атактуу журналисттерге берилчү сыйлыкка татыктуу деп табылды. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азатык” радиосунун кыргыз кыматынын жетекчиси Венера Жуматаева билдирди. 

Анын айтымында Эгизбаевди David Burke сыйлыгына «Азаттыктын» жамааты көрсөткөн. Сыйлыкты тапшыруу аземи декабрда Вашингтондо өтөт.

Сыйлык АКШнын Радиоберүү боюнча башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы Дэвид Буркенин (David Burke) атын алып жүрөт. Акчалай сыйлык оор жана кооптуу шартта иштеген журналисттерге эрдик үчүн берилет.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев жемкорлукту ашкерелеген бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Анын даярдаган ар бир курч көрсөтүүсү коомчулукта кызуу талкуу, резонанс жараткан.

Быйыл 22-июлда Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза тапты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика