Жыпар Исабаева: “Акшоола” – турмуш чындыгы

Ушул тапта кино сүйүүчүлөр “Акшоола” телесериалын артынан түшүп көрүп жатышат. Көптөн бери кыргыз сериалдарына суусап турган эл тасманы КТРКдан да, интернеттен да күзөтүүдө. Мелодрама акын-жазуучу Жыпар Исабаеванын “Адашкандар” романынын негизинде тартылган. Каармандардын кулк-мүнөзүн жаратып, тагдырын чиймелеген автор сериалдын өзөгүндө жаткан окуяларды кайдан алды? Акшоола – ойдон чыгарылган каарманбы же ал биздин арабызда жашаган аялзатыбы? “Акшоола” телесериалынын сценаристи,  А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, акын-жазуучу Жыпар Исабаева менен сериал, чыгармачылык тууралуу маекти сунуштайбыз.

“Адашкандар” 18 жыл мурун жазылган. Өзөгүндө – биз угуп-көрүп жүргөн эле тагдырлар 

“Акшоола” телесериалдын сценарийи “Адашкандар” деп аталган романымдын негизинде жазылып, тартылды. Чыгарма мындан туура он сегиз жыл мурун жазылган. Менин бир саптарым бар:

“Бир колумда – калемсабым,

Бир колумда – казаным,

Жондо – бала,

Жолдо – түйшүк,

Көкүрөктө – казалым” деген. Так ошентип, декреттик өргүүдө жүргөн маалда, уулум уктай калган, колум көртирликтен бошой калган маалдарда  ушул чыгарманы жазууга отура калчумун. Мени таасирленткени – ошол эле айлана-тегеректе биз көрүп, угуп эле жүргөн окуялар, тагдырлар. Айрыкча,  эгемендиктин алгачкы жылдарында жашоо: “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп, “Эптеп эле алсам, жулсам, кандай жол менен болсо да жан сактап, жашап кетсем, байып кетсем…”  – деген сыяктуу жашоо, адамдагы сүйүу аттуу аруу сезимди жеке бир кызыкчылыктарга, башка кызыкчылыктарга айырбаштаган, бир шумдуктай эле күндөр өтүп  калган. Андай кездерде адамдардан ишеним, сабыр, кечиримдүүлүк, ынсаптуулук сыяктуу асыл сапаттар оолактап,  алардын ордуна алдым-жуттумчулуктун, алдамчылыктын, күнү жүрүп  кетет окшобойбу. Мына ушуларды көрүп, ойлоп отуруп, таасирленсем керек.

Кейиштүүсү –  эми деле, жашоо онолуп келе жатат деген маалда деле, так ошол көрүнүштөрдөн арыла албай жатканыбыз.

“Акшоола” сериалын тарткан чыгармачыл топ

Сандан-санга. “Адашкандарды” окурмандар гезит күтүп окуган

“Адашкандар” 2000-жылдардын башында өзүм иштеген “Кыргыз Туусу” гезитине сандан-санга жарыяланды. Ошол кездеги башкы редактор Абдиламит Матисаков агайым менин прозадагы устатым болуп калды. Анткени, менин жандүйнөмдө, же дептеримде чала жазылып, катылып жаткан  кол жазмаларымды билгендей, бир күнү летучкада: “Кызым, сен сандан-санга сериал жазасың. Бирок окурмандар кубалап, күтүп окуган, гезиттин нускасын көбөйтүүгө салым кошкон чыгарма бослун!” – деп тапшырма берди. Ошол күн дале көз алдымда. Мен гезиттин эң жаш, жаңы келген кабарчысы болчумун. Мага чейин 30-40 жыл иштеген тажрыйбалуу агай-эжейлер бар эле. Алардын баары мен таң калуу менен, ишенбегендей бурулуп карап калышты. Сүрдөп кеттим. Агайдын ошондогу ишеним жана талап коюу менен карап турганы али да эсимде. Маңдайымдан чыпылдап  тер чыгып кетти. Себеби, бул өтө жооптуу ишеним жана чоң тапшырма эле. Жамаат күбүн-шыбың боло түшту. Ошентип, адегенде “Жылдандын сүйүүсү” башталды. Азыр, ушул ирмемде да “Жыландын сүйүүсүнүн” үчүнчү китебин окурмандардын  суроосу боюнча  улантып отурам. Анан “Адашкандар”, анан “Алыкулду сүйгөн кыз”, “Махабат мазары” (“Канат менен Зарина”) ж.б. повесттерим жазылды.

Жыпар Исабаева каармандары менен

“Биз качанга чейин башка элдин сериалдардын көрөбүз!?”

“Адашкандарды” окуган окурмандардын көбү анын сериал болушун кааларын айтышчу. Айтмакчы, ушул жана башка китептерди бир канча жолу кайталап, китеп кылдык. Менде кайдагы каражат? Окурмандар алдын ала заказ кылышып, китепти чыга электе эле сатып алышкан. Китеп чыккандан кийин кайра квитанцияларын көрсөтүп, таратып алышты. Анан Темир Бирназаров “Баарын кайрадан баштайлычы” деген көркөм тасма тартты. Айтмакчы, менин кинодраматургиядагы устатым – Темир Бирназаров. Көптөн бери кызыгып жүргөн киносценарий жазуу тууралуу кыялымды ушул режиссер ишке ашырган. Бул сунуш да күтүүсүздөн болгон. Мага сценарий жазуунун жол-жоболорун айтып берип, экөөбүз авторлош болуп калдык. Анан “Кумар” аттуу киносценарий жаздык. Ал да тартылды. Андан кийин КТРКда Жылдыз Мырзабекова, Назира Абдукаимова деген  радиожурналисттер “Адашкандарды”  78-сериалуу радиосериал кылып жаздырышты. Эл абдан жакшы кабыл алды.

Бир күнү социалдык торчолордун биринен Элмира Жусупова деген окурман кабарлашып, чыгармачылык тууралуу сүйлөштүк. Анан ал чет элдерге көп чыгарын, кайда барса да телесериалдар көрсөтүлөрүн айтып, бизде эмнеге телесериалдар чектелүү экенин айтып: “Адашкандарды” тартсаңар болбойбу? Тарта турган  режиссер чыкса, мен көмөктөшөт элем,” – деп  калды.  Ошол боюнча бул тууралуу эсимден чыгып кетиптир. Ушул жазда режиссер  Ырыс Окенова сунуш менен кайрылып: “Биз качанкыга чейин башка элдердин сериалдарын көрө беребиз? Телесериал тартпайлыбы”, – деп калды. Ошентип, иш башталды…

Ак менен каранын, сүйүү менен жек көрүүнүн, чындык менен жалгандын, аруулук менен ыпыластыктын күрөшү

Албетте, телесериалда кыйла өзгөрүүлөр болду. Алымча-кошумчалар, жаңы окуялар, жаңы каармандар кошулду. Айрым учурда: “Терс көрүнүштөрдү көрсөтүүнүн зарылчылыгы бар беле?” – деген суроолор болууда. Албетте, чыгарма деген күзгү болуш керек. Ал коомдун жакшы эле жагын көрсөтө берсе, терс көрүнүштөр көрөңгөлөп, көбөйө бербейби. Кээде ошол терс каармандардын терс көрүнүштөрү аркылуу  жамандык жасоонун  акыры эмне менен бүтөрүн жана башкаларга, коомго кандай залакасы тиерин көрүү адамга оң тарбия берет. Бул чыгармада, негизи аялзатынын үй бүлөдөгү, коомдогу ролу жана сабырдуулук менен ишенимдин орду канчалык экенин, ак ийилип бирок сынбай турганынкөрүүгө болот. Ошондой эле ак менен каранын, сүйүү менен жек көрүүнүн, чындык менен жалгандын, аруулук менен ыпыластыктын күрөшү бар. Кээде таарынчтын, ажырашуунун, жек көрүүнүн артында эмне жатат, анын тамыры кайда экенин билбей эле адаша берет экенбиз да. Ошол эле ушактын кесепети кандай болорун, аны кандай адамдар чыгарарын билүү да сабак деп ойлойм.

Ушул күзгө убадаланган “Жыландын сүйүүсүн” жазып жатам

Азыркы жаңылыктарым, жогоруда айткандай, “Жыландын сүйүүсүн”шашылыш жазып жатам. Анткени, үчүнчү китебин ушул күзгө чыгарып берем деп окурмандарыма убада бергем. Орто жолдо кино менен алаксып калып, токтоп калган. Ошондой эле ырлар жазылып жатат. Шоу-дүйнөдө дагы жаңылыгым бар. Бакыт Сейталиев аттуу мыкты обончу, ырчы балага устат болгом. Устат дегеним, мыкты талант, мыкты чыгарма элге жетпей калбасын деп жол көрсөтүп келатам. Бир, эки жыл ичинде жыйырмадай мыкты чыгарма жаратты. Төртөөнү шөкөттөп ( аранжировкалап) угармандарга тартуулап жатабыз. Ошонун бири – “Сен мени” деген ыр (мунун обону Мыктыбек Ташматовдуку) “Санжыра” радиосунун сынагында элдин баасына арзып, мыкты ырлар менен катар ат салышып жатат.  Ошол эле, биз кеп кылып жаткан “Акшоола” телесериалынын  “Акшооланын ыры” аттуу саундтрек дагы Бакыт Сейталиевдин обонуна таандык.

Саундтрек - "Акшооланын ыры". Сөзү: Жыпар Исабаева, обону Бакыт Сейталиев

Уулумдун “Жыландын сүйүүсүн” экрандаштырам деген аруу тилеги бар

Эгерде Кудай буюрса, ким билет, мындан ары да кино тасмалар тартылып, режиссерлор менен иштешип калышы мүмкүн. Анткени, сунуштар болуп жатат. Мени кубанткан чоң үмүи, ишеним – өзүмдүн “Адашкандар” менен жашташ , студент уулум быйыл 1-курска кирди. Ошол баламдын: “Келечекте “Жыландын сүйүүсүн” тасмага айлантам”  деген аруу кыял-максаттары бар.

P.S. “Калыс Медиа” “Акшоола” сериалында баш каармандын ролун аткарга Самара Каримова менен буга чейин баарлашкан. Ал интервьюну бул жактан окусаңыз болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика