Бүбүйра Кыдыралиева: улуу сырды айта албай 53 жыл кыйналдым

Ушул аптада Кыргызстан эли ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнүн белгиледи. Сталиндин тушунда Кыргызстандын аймагында 1937-38-жылдардагы саясий репрессияда ошол кездеги кыргыздын алгачкы интеллигенттери, партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери “улутчул”, “эл душманы” деген айыптар менен атылып кеткен тарыхта кара так менен жазылып калган окуяга 80 жылга аяк басты. Бул окуянын бирден-бир күбөсү Бүбүйра Кыдыралиева учурда 90 жаштан өтүп калды. Бала чагындагы баео сезимине бүлүк салып, өмүр бою жанына тынчтык бербей келген бул тарыхый сырды Бүбүйра апа 53 жыл жүрөгүндө сактап жүрүп, эгемендиктин шарапаты менен 1990-жылы ачыкка чыгарган.

Дээрлик бир кылымга жакын убакыт жашаса да сымбатынан жазбаган, бала чагында уккан-көргөндөрүн төкпөй-чачпай айткан апанын жүзүндөгү ар бир бырыш – ошол кездеги ар бир тарыхтын көз ирмемин эске салып тургандай таасир калтырды.

Байкаганым менен атамдан батынып сурай албадым

Биз үй-бүлөбүз менен Кой-Ташка 1936-жылы ачарчылыктын айынан көчүп барганбыз. Согуш башталганга чейин ошол жакта жашадык. Мен ал кезде 8 жашар кыз элем. Азыркы “Ата-Бейит”- ошол кезде Ички иштер эл комиссариатынын (НКВД) эс алуучу жайы болгон. Фрунзеде иштеген НКВДнын кызматкерлери дем алыш күндөрү  үй-бүлөсү менен ошол жакка барып эс ала турган. Атам ал жерде кароолчу, апам ашпозчу болуп иштешчү.

Эсимде, ноябрь айынын баш чендеринде атам баарыбызды арабага отургузуп алып Кашка-Суу айылындагы аяш атамдын үйүнө конокко алып барды. Каникул убагы болгондуктан, атам ушул жакта он күн жүрөсүңөр деп койду. Өзү болсо таң заарда Кой-Ташка барып, кеч күүгүмдө аяш атамдыкына келип, каттап жүрдү. Каникул мезгили аяктап үйгө келдик. Биринчи эле байкаганым – баягы биз ойночу кирпич завод жок. Болгону андагы мештин ордуна дөң пайда болуп калыптыр. Дароо эле атамдан сурсам “түндө шамал учуруп кетиптир” деп суз гана жооп берип койду. Дагы бир байкап, бирок батынып сурай албаган учур – ата-энем бат-баттан куран окуп, бейшемби күндөрү жыт чыгарып, кечинде ыйлап калышат. Бирок эч нерсе айтышпайт.  Анан бир-эки аптадан кийин эле кыш завод жактан жагымсыз жаман жыт чыгып, айлабызды кетирди. Иттер бат-баттан үрөт. Апам уугуп калбайлы деп бизге сүт ичирип койчу. Кыш мезгили аяктап калган убак эле, кечинде дөңдүн үстүнөн асан-үсөнгө окшогон шоола чыгып жатыптыр. Кийин бой жеткенде окусам сөөк чиригенде өзүнөн-өзү күйөт экен. Баягы дөбө да жер менен бирдей болуп чөгүп кетти.

Аңгыча эле ошол жерде иштеген немис башкарма атама  “жакында чоң согуш болот, балдарың жаш, өзүңдү да аскерге алып кетет. Воронцовкага колхозго жумушка кирип, үй куруп, балдарыңды жайгаштырып кой” деп айтты. Биз ошол кишинин кеңеши менен Воронцовкага жайгашып калдык. Айткандай эле 1941-жылы согуш чыгып, атам, агам кан майданга кетишти. Агам каза таап, атам Берлинге чейин согушка барып, 1945-жылы октябрда жарым жан болуп келди. Ал учурда 13 жаштагы секелек кызмын. Жокчулук, кыйынчылыктын азабын жон терибиз менен сезип, колхоздо иштедик.

Сырды айтпай өтүп кетемби деп ойлосом жаным жай албачу

Атам 1970-жылдары катуу ооруп калды. Тиги дүйнөгө кетээрине көзү жетип калдыбы, айтор эки уул, эки кызын чакырып алып “баягы мешти билесиңерби, ошол жерде кыргыздын алдыңкы каймактары көмүлгөн. Жакшы заман келгенде айт” деген керээзин калтырды. Атамдан кийин бир туугандарым да баары кайтыш болуп, жалгыз калдым. Бала чагымда жан дүйнөмө бүлүк салган табышмактуу окуялардын түйүнү чечилип, кантип, кимге айтам деген суроо жүрөгүмдү өйүп жүрдү. Сталинден кийин бийликке Брежнев келди. Анын тушунда да айтууга ыгы келбеди. Көзүмдү жумсам эле арбактар келип, “качан айтасың, мезгили келди” деп шаштыргандай болот. Ошентип 53 жыл бою сырды айтуунун айласын таппай кыйналып жүрдүм. Андан кийин Горбачев бийликке келип, бардык нерселер ачык айтыла баштады. Өмүр бою жаныма тынчтык бербей келген бул сырды 3-4 кишиге айттым. Алар менин сөзүмдү укмак тургай, кагып-силкип, сен эмнени билмек элең деп кол шилтеп койду. Айтор ишендирүү кыйын болуп, эч кимге айта албай өтүп  кетемби деп ойлосом жаным жай албачу болду.

Болотко көргөн-уккандарымды төрт саат бою ыйлап айтып бердим

Бир жолу сүт-айран алганы сыртка чыгып, ага удаа инимдин кызынын өтүгүн өтүкчүгө жаматып алайын деп келсем, жашыраак келин менден мурда кезек сурап, сабакка шашып жатканын айтып калды. Ара чолодо тааныша да кеттик. Ал университетте иштей турганын айтып, “балдарыңыз болсо жибериңиз окуп алышсын” деген сунуш берди. Өзү окуткан окуучулар чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнүн айтып, алардын бири – Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар деди. Оюма шак эле атамдын керээзи келип, Аскардын телефонун сурасам, Сиз телефон номериңизди бериңиз, өзү чалат деп калды. Мен номеримди бердим. Үйгө келер менен эле телефон шыңгырап калды. Алсам, өзүн КГБдан болом деп тааныштырган жигит мага жолугарын айтып, үй дарегимди алды. Келип, “коркпоңуз, Сизде бир сыр бар экен”-деди. Ошентип Болот Абдрахманов менен тааныштым. Канча жылдан бери көксөп келген тилегим ишке ашаарына көзүм жетип, көргөн-билгендеримди төрт саат бою ыйлап айтып бердим. Ара чолодо ал (Болот Абдрахманов) ашканадан суу алып келип, бетимди жууп, мукактана чай ичиңиз деп угуп олтурду…

Атамдын керезин аткардым

Болот менен биринчи жолу кыш мезгилинде жолуктум. Кой-Таштагы жогоруда мен айткан кирпич заводго баралы деп макулдаштык. Баягы кирпич заводдогу мештин ордун болжолдоп таптык. Мен бала кезде көргөн темир тосмо бузулбаптыр. Дөңдүн жанына даараткана курулуп калыптыр. Бирок, так кайсы жер экени күмөн болуп турду. Ишенүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбоду. Анан кар кетип, күн жылыганда келмей болдук. Жаз келип, май айында баягы болжонгон жерге кайра бардык. Талаага кызгалдак жайнап, тимеле кулпуруп чыгыптыр. Аңгыча эле бутубузга сынган кирпич урунду. Дароо эле экспертизага жөнөтүлдү. Бактыга жараша 30-жылдардагы кирпич экени аныкталды. Ошентип, мага өмүр бою тынчтык бербеген чоң сыр ачылды. Мойнумдагы оор жүктөн кутулуп, атамдын керезин аткардым.

Болотко эки дүйнө ыраазымын

Бир жолу үйдө олтурсам телевизордон репрессиянын күбөсү Бүбүйра Кыдыралаиева көз жумган деп айтып калды. Бул маалыматты угуп алып ызаланып аябай ыйладым. Анан эле бир тууган иним бир гезит көтөрүп келиптир. Мен тууралуу жазылган макаланын бир абзацын белгилеп, окуңуз деди. Окусам, телевизордон уккан эле маалымат экен. Болотко чейин үч-төрт мартабалуу жерде иштеген кишилерге айтсам, кайдагы жомокту баштадың? деп кагып-силккен учурлар болду. Кудайга шүгүр, мына 90 жаштын чайын ичип олтурам. Ушул сырды ачууга жардам берген Болотко (Абдрахманов – ред.) эки дүйнөдө ыраазымын. Мунун ал жерде көмүлгөн эч кимиси жок. Кыргызда арбакты сыйлайт, рухуна таазим этип бата кылат. Кандай акың бар казганга деп аны эмне гана кылбады.

Маркумдар кайра көмүлүп, андан бери 30 жылга жакын убакыт өттү. “Ата Бейит” ачылганда ошол кездеги президент Аскар Акаев тарабынан “Эрдик” медалын тагышты. Ушунусуна да шүгүр.

Учурда 7 миң сомдой пенсия алам. Ал тамак алсам кийимге, кийим алсам, тамакка жетпейт. Көп жылдан бери ашказан оорусу менен алышып келем. Эки уул, эки кыз болчубуз. Азыр жалгыз калдым. Ал-жайымды сурагандар азыраак. Бирок эч кимге таарынычым жок. Бирок, кыргызды кыргыз кылгандарды, ошончо жыл бейдарек жаткандарды кайра “тирилткен” Болотко эки дүйнө ыраазымын.

Бул тарыхый чындык тууралуу бүт дүйнө эли укту. Жакында эле өзүн чет мамлекетте окуйм деген кыргыз жигити телефон чалып, менин ал-жайымды сурап, Апа Сиз тууралуу бул жакта да билишет экен деди. Өлгөн кайрылып келбейт. Жаткандардын жайы жаннаттан болсун.

Баса ушул жылдын апрель айында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Бүбүйра апага борбор калаанын Туңгуч кичи районунан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган. Бүбүйра апага жардам берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев өкмөт башчыга кат жолдогон.

Сүрөттөр: Азаттык, өкмөттүн маалымат кызматы, Алижан Насиров

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика