Өкмөт башчы хоспистеги авария кесепеттерин жоюуну мэрге тапшырды

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектеги балдар хосписинде жылуулук түтүктөрү жарылып кетти. “Помогать легко” уюмунун өкүлү Динара Аляеванын айтымында, авариянын кесепетинде мекемедеги бардык эмерек, жабдыктар жараксыз абалга келди. Дубалдардын жасалгасына зыян болуп, ал оңдоого муктаж. 
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев хоспистеги авария кесепеттерин жоюу боюнча мэр Азиз Суракматовго тапшырма берди.
Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн хоспис 2015-жылы ачылган. Мында айыккыс дарт менен жабыркагандарга ооруну басандоотчу дарыларды берип, психологиялык, моралдык жардам көрсөтүшөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика