Москвада мигранттар үчүн маалыматтык борбор ачылат

Быйыл Орусиянын Москва шаарында мигранттарга медициналык тейлөө жаатында бүт маалыматтарды берүүчү борбор ачылат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмгек мигранттары менен өткөн жолугушууда билдиришти.

“Кайдан жана кантип медициналык жардам алса болот? Бул жаатта мигранттар ишенимдүү маалыматка ээ болуш үчүн сурап-билүү борборун уюштурууга тапшырма берилди. Жыл аягына чейин адистер кабыл алынып, борбор иштеп баштайт”, – деди Москвадагы саламаттык сактоо тармагынын өкүлү Артем Калмыков. 

Өткөн жылдын февраль айынан тарта чет элдик жарандар медициналык күбөлөндүрүүдөн Москва шаарындагы көп тармактуу миграциялык борбордон гана өтө алышат. Мындан сырткары мигрантта кургак учуктун оор түрү аныкталса, шаардык казынанын эсебинен акысыз дарыланмай болду.

Мигранттарды медициналык тейлөө акырындап жолго салынып жатканы менен каттоого туруу дагы эле татаал бойдон калууда дешти жыйында.

Мыйзам боюнча чет элдиктер катталган жеринде жашашы керек. Бирок муну иш жүзүндө аткаруу кыйын. Маселени чечүү үчүн чөнтөккө саз мейманкаларды  ачып, ошол эле жерде медициналык жана юридикалык жардам берүүнү уюштуруу сунушталды.

Ушул эле жыйында Москвада 1 млн чет элдик жаран иштеп жүргөнү маалым болду. А бул мегаполиске эки эсе көп – 2 млн жумушчу кол керек.

Бейрасмий маалыматтар боюнча миллиондой кыргызстандык Орусияда эмгектенет.


Баса, Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн миграциялык мунапыс жарыяланганын билесизби? Анын алкагында «кара тизмеден» кантип чыкса болорун бул жактан окуңуз.

Ар кандай көйгөйлөргө карабай, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибиз үй-бүлөсүн эле бакпай, өз айылдарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүдө. Орусиядагы мигрант жердештердин изги иштери тууралуу окууну кааласаңыз бул жакка басыңыз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика