Ибрагим Жунусов эми кайда элчи болору белгилүү болду

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат. Анын талапкерлигин ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-ноябрда карайт. Бул тууралуу “Калыс Медиага” өздүк булак билдирди. 

Ибрагим Жунусов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Мыйзамга ылайык, элчилер 3+1 жыл мөөнөтү менен дайындалат. Дипломат 3 жыл кызматта болот, жакшы иши менен өзгөчөлөнсө, мөөнөтү дагы бир жылга узартылат.

Ибрагим Жунусов азыр 57 жашта. 2007-жылы “Ак жол” партиясынан депутат шайланган. Эки жыл бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген. КРнын Эл артисти, 200дөй ырдын автору.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика