Алимент төлөбөй жүргөн ата чек арадан колго түштү

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинен Кыргызстандын жараны мыйзамсыз аракети үчүн колго түштү. Ал бирөөнүн паспорту менен кошуна өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылган деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Кармалган жаран чек арачыларга 26 жаштагы С.К. атына берилген паспортт көрсөткөн. Бирок текшерүү маалында ал колундагы документтин ээси эмес экени аныкталды.

“Кармалган адам башка бирөөнүн паспортун колдонгонун мойнуна алды. Ага алимент төлөбөгөнү үчүн өлкө сыртына чыгууга чек коюлган. Тартип бузуучу милицияга өткөрүлдү”, – дешти чек арачылар. 

  • Расмий маалымат боюнча 38 миң ата алимент төлөөдөн качып жүрөт.
  • Бир балага алименттин суммасы бир айлык маянанын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Алимент төлөөчү эки балага айлыгынын үчтөн бир бөлүгүн, ал эми үч же андан көп балага тапканынын жарымын бериши керек. Бул расмий жумушу барларга тиешелүү. Ал эми башка жарандар өлкөдөгү орточо маянанын 25%ын же 3000 миң сомду төлөшү шарт.

Сүрөт: for.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика