Бир аптада айдоочулар эң көп бузган беш эреже

Соңку бир аптада өлкө боюнча 16 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Миңдей унаа айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу ЖККК башкы башкармалыгынан билдиришти.

Айдоочулар кайсы эрежелерди эң көп бузган?

  1. Коопсуздук курун тагынбоо. Эрежени 3976 айдоочу бузган.
  2. Рулда баратып, телефон менен сүйлөшүү – 2751 учур.
  3. Жол белгилерине баш ийбөө – 2528 учур.
  4. Ылдамдыкты ашыра айдоо – 1777 учур.
  5. Жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратуу – 1539 учур.

Мындан сырткары мас абалында унаа башкарган 215, унаасын караңгылаткан 33 айдоочу кармалды. Дагы миңден ашык машинанын жарык берүүчү жабдуулары жакшы иштебегени үчүн административдик жазага тартылды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика