Эң көп киреше тапкан он депутат. Инфографика

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2017-жылы тапкан кирешелери, алардын жана жакын туугандарынын атына катталган мүлктөрдү салык кызматы жарыялады. Бирок декларацияны депутаттардын баары эле тапшырган эмес. “Калыс Медиа” эл өкүлдөрүнүн ичинен 2017-жылы тапкан кирешеси боюнча алдыңкы ондукка кирген депутаттардын тизмесин сунуштайт.

ЭСКЕРТҮҮ: инфографика депутаттын атына катталган жалпы мүлк эмес, бир жылдык накталай кирешеси боюнча түзүлдү.

Кирешеси боюнча алдыңкы ондукту тизмеге илешкен “Ата Мекен” партиясынын жалгыз өкүлү Бахадыр Сулейманов ачып берет.

“Кыргызстан” партиясынын депутаты Талайбек Масабиров 9-орунда. Ал 2017-жылы 3,9 млн сомго жакын киреше тапкан.

“КСДП” партиясынын ондукка 4 төрт депутат кирген. Алардын биринчиси – 2017-жылы 4,2 млн сом киреше тапкан Канат Керезбеков.

Тизмеде “Бир Бол” партиясынан жалгыз гана эл өкүлү бар. Ал да болсо партия лидери Алтынбек Сулайманов.

Жакында эле “КСДП” катарынан чыгарылган Иса Өмүркулов 4,5 млн сомго жакын киреше таап, тизмеде 6-орунда.

Тизмедеги экинчи бештикти Азамат Арапбаев ачып берет. Жакында эле цемент заводун ишке киргизген эл өкүлү 2017-жылы 8 млн сомго жакын киреше тапкан.

Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков 9,5 млн сом кирешеси менен 4-орунда.

“Өнүгүү-Прогресстен” тизмеде эки депутат болсо, алардын бири Абдыкапар Султанов. Кирешелүү депутаттардын тизмесинде ал 3-орунда. Эл өкүлү 2017-жылы 12 млн сомго жакын киреше тапкан.

14,5 млн сом жылдык кирешеси менен “Кыргызстан” партиясынан Канат Исаев 2-орунда.

Эң кирешелүү депутаттардын көч башында Тынчтык Шайназаров. 2017-жылы эл өкүлү 16 млн сомго жакын киреше тапкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of