“Коопсуз шаар” боюнча “Вега” ишканасы менен келишимге кол коюлду

12-ноябрда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду. Документке маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен «Концерн радиостроения «ВЕГА»  ишканасынын башчысы Сергей Калмыков кол койду. 

Шарт боюнча “Вега” үч ай ичинде фото жана видеого тартуу боюнча жабдууларды монтаждап бүтүшү керек.

Келишим баасы – 1 млрд 195 млн сом. Компания анын 10%ын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин депозиттик эсебине кепилдик катары которду.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия “Веганын” тендерден утуп чыгышын мыйзамсыз болгон деп билдирген. Бирок сот “Вега” концернинин тендерден утушу объективдүү деп тапты.

“Коопсуз шаар” долбоорун 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү баштаган. Ал ортодо жыл сайын жол кырсыктарынан миңден ашык адам ажал табууда.

Сүрөт: Акипресс

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика