Москвада MMA беттешинен кийин массалык мушташ чыкты

Москвада эрежесиз эр уруштан (MMA) кийин массалык мушташуу орун алды. Абалды жайгарууга ОМОН кийлигишти. 

Окуя мушкерлер Георгией Караханян менен Тимур Нагибиндин беттешинен кийин орун алды. Нагибин тыныгуу маалында атаандашын соккону үчүн мушташтан четтетилип, жеңиш Караханянга ыйгарылган.

Нагибиндин командасынын өкүлдөрү мушташтан соң кийинүүчү жайга баратканда аларга армян күйөрмандарынын бир нечеси атырыла баштаган. Ушундан кийин массалык мушташ орун алып, ОМОН абалды жайгарды.

Булак: Lenta

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика