Ондон ашык окумуштуу-дарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктар берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков илим жана техника жаатында ийгилик жараткан окумуштууларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. 

Ага ылайык, «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам төмөндөгү дарыгер-окумуштууларга ыйгарылды:

Джумагулов Олжобай Джумакадыровичке – И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы,  медицина илимдеринин доктору;

Ботбаев Алмазбек Аскеровичке – „Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Дикамбаева Марта Казыевнага – “Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Усенко Валентина Александровнага –  “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Эшмамбетова Асизбекке – “Дордой офтальмик-сервис« көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты.

Булар «Офтальмологиядагы заманбап жогорку технологиялуу методдор» кыргыз окумуштууларынын микрохирургиядагы теориялык иштеп чыгуулары жана практикалык тажрыйбасы« иши үчүн сыйлыкка жетишти.

Мындан сырткары Касым Тыныстанов атындагы сыйлык “Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн:

Джумабеков Сабырбек Артисбековичке – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Анаркулов Бектур Суйоркуловичке – Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору.

„Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары“ иши үчүн:

Абдырахманов Толобек Абылович – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору;

Артыкбаев Мэлс Табалдыевичке – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору;

Курбанова Назира Умаровна – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору;

Маанаев Эгенберды Джумагулович – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика