Парижде жылаңач активисттер Трамптын кортежине атырылды

Femen`дин жарым жылаңач активисттери АКШ президенти Дональд Трамптын Париж көчөлөрүндө бараткан кортежин токтотууга аракет кылышты. Аларды полиция кармап калган. 

Кыздар тосмодон секирип, жолго чуркап чыгышкан. Бирок аларды полиция кармап калууга үлгүрдү. Активисттердин төшүндө “Жалган тынчтык куруучулар, чыныгы диктаторлор” жана “Эки жүздүүлүк парады” деп жазылган.

Кыздар адаттан тыш жүрүм-туруму үчүн кармалды.

Трамп, Путин баштаган бир катар мамлекеттердин башчылары Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгын белгилөөгө Парижге келишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика