“Таттуу таймаш”: өспүрүмдөр кулинардык күчүн сынашат

17-ноябрь күнү борбор калаада өспүрүмдөрдүн кулинардык фестивалы өтөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, таймашта 5-13-жаштар арасындагы балдар “Кичинекей шеф-ашпозчу” наамы үчүн күч сынашат. Анда балдар канапе, салат жана десерт жасашат.

Столго коюлган азык-түлүктөрдү балдар өздөрү тандап, меню түзүп, өз чыгармачылыгы менен жогоруда аталган даамдарды жасашат.

Кыргызстандын ашпозчулар бирлигинин ашпозчулары, ашпозчулук боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү калыстык кылышат.

Каалоочулар иш-чарага акысыз катышат алат, болгону алдын-ала каттоодон өтүшү керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика