Бишкекке бир нече өлкөлөрдүн театралдык жамааты келет

Бишкекте12-ноябрдан тарта «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык  фестивалы өз ишин баштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков фестивалдын катышуучуларына куттуктоо жолдоп, Айтматовдун чыгармачылыгы  искусствонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болоорун белгилеп, жазуучунун чыгармачылыгына арналган театралдык фестиваль — мунун  жакшы мисалы деди.

«Бүгүн бизди гениалдуу жазуучу, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармачылыгы баш коштуруп турат. Айтматов жана театр — бул чыгармачыл айкалышуунун символу», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракенин алкагында фестиваль 17-ноябрына чейин уланат. Бир апта бою Бишкек Россиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген театралдык жамааттарды кабыл алат.

Көрүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан жана Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынан көрө алышат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика