Макгрегорду туураган электрик жазаланды

Электр мамычасына мушкер Конор Макгрегорду туурап чыккан электрикке карата дисциплинардык мүнөздөгү чара колдонулду. Мындан сырткары ал электр жабдууларын коюу-кураштыруудагы коопсуздук эрежелери боюнча борбордук комиссияда сынактан өтөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.

“Электрик монтердук боону таккан эмес, коргоочу касканын боосун жаагына кадаган эмес. Эрежелерди мынтип сактабай коюнун кесепети өтө оор болуп калышы мүмкүн”,  -дешти “Түндүкэлектрден”.

Соцтармакта популярдуу болгон видео төмөндө:

Мушкер Конор Макгрегордун басышы бул:

Сүрөт: Кактус 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика