Нурбаев мугалимдерден ар кайсы органга деп акча чогулткан башкармалыктарды сындады

Билим берүү башкармалыктары Эсеп палатасына деп мугалимдерден акча чогултуп жүрөт. Бул тууралуу кечээ, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Эл өкүлү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарын жоюу керектигин айтып, алар түздөн-түз милдеттерин аткарбай, коррупциялашып кеткенине токтолду.

“Чүйдө эсеп палатасына акча чогултуп жүргөндөрү көрдүк. Мындай көрүнүш Кыргызстан боюнча бардык жерде бар экен. Мен Ошту, Жалал-Абадды, Баткенди кыдырдым, баары чогултабыз деп айтышты. Жадагалса, бала бакчадан акча чогултуп прокуратура “доляда” отурган жерлер бар экен. РайОНО, горОНО мектептердеги мугалимдердин билимин көтөрө турган борбор болуш керек“,-деди депутат.

Нурбаев ошондой эле 2019-жылдын сентябрынан мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү өкмөт башчыдан талап кылды. Мухаммедкалый Абулгазиев педагогдордун маянасын көтөрүү боюнча жумушчу топ иштеп жатканын жана кийинки жылдан айлыгын көбөйткөнгө аракет кыларын билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика