Оштогу эс алуу багына видеобайкоо орнотулду

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов эс алуу багына 60ка жакын видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынын кабарлашты.

Байкоочу камералар эс алуу багынын бардык тарабына жайгаштырылып, ЕККУнун колдоосу менен ишке ашкан.

Дээрлик бир кылымдык тарыхы бар Токтогул багын оңдоо боюнча 100 млн сомдук долбоорду жергиликтүү бийлик колдогон. Бак 9 гектар жерди ээлейт, ал 1919-жылы негизделген. Жаңылоо иштери кийинки жылы белгиленчү 100 жылдык мааракеге арналды.

Буга чейин шаар мэри Тайырбек Сарыбашов аталган эс алуу багын реконструкциялоо иштери менен таанышуу учурунда эң негизгиси курулуштун сапатына маани берүү керектигин, эс алуучулардын коопсуздугу биринчи орунда экенин билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика