Оштун тургуну эки “Тикону” уурдаган деген шек менен кармалды

Милиция бир түндө эки “Тико” унаасын уурдаган деп Ош шаарынын тургунун кармады. Шектүү болсо машиналар менен такси кылып, анан ээн жерге таштап койгонун айтты. 

Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, эки адам октябрдын аяк ченинде “Тико” үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айтып, милицияга арызданган. Бирөөсүнүн машинасы сатылууга коюлган жеринен автобазардан ары түн ичинде жоголгон. Экинчи “Тикону” болсо Күкүмбий көчөсүндө турган жеринен айдап кетишкен.

Милиция бул эки уурулукка шектүү катары Д.М. аттуу шаар тургунун кармады. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ автомашиналарды ачкыч тандоо жолу менен ачканын билдирди.

“Эки машинаны тең бир түндѳ шаарда такси катары пайдаланып, андан соң  ээн аймакка таштап кеткем”, – деген шектүү көрсөтмөсүндө.

Кармалган жарандын айткандарынын негизинде эки автомашина тең табылды.

Бул факты боюнча иш козголду. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда.

Сүрөттөрдө: уурдалган “Тиколор”/ Ош ШИИБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика