#СаламМигрант: Мекендешке кеңеш берип, сыйлык утуп алыңыз

18-декабрь – Мигранттардын эл аралык күнүнө карата #СаламМигрант социалдык флешмобу башталды. Эң мыкты катышуучуларга сыйлыктар бар.

Флешмобго бардык мигранттар катыша алат. Шарты – иштеп жаткан учуруңуздан видео же сүрөттөрдү жарыялайсыз. Ал сырт жакка иштегени аттанып жаткан мекендештериңизге кеп-кеңешиңиз менен коштолушу керек.  Сиздин чакырык 1 сүйлөм же 200 символдон ашпашы керек. Жарыялган сүрөткө #СаламМигрант хэштегин, анан өз аты-жөнүңүз, жашыңыз, азыр иштеп жүргөн шаарыңызды кошууну унутпаңыз.

Баса, иш чара эстафета катары улана берет, сиз коопсуз миграция боюнча чакырыктарды жарыялай турган досуңузга кезекти сунсаңыз болот.

Флешмоб 12-ноябрдан 10-декабарга чейин уланат.

#СаламМигрант  флешмобунун максаты – чет жакка иштегени чыгып бара жаткан жарандарга ошол өлкөлөрдүн мыйзамдарын так сактоо канчалык маанилүү экенин жеткирүү.

Иш чаранын жыйынтыгы менен атайын калыстар эң мыкты сүрөт-чакырыктарды тандап алат. Алардын посттору Мигранттар күнүндө Бишкекте өтчү иш чарада көрсөтүлөт. Авторлорго эстелик сыйлыктары ыйгарылат.

Флешмобду “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.

Суроолор үчүн байланышуу жолдору:

WhatsApp:+996 555 132937,  Facebook: https://www.facebook.com/rce.kg/, Instagram:  www.instagram.com/rce.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика