ЖЭБ: аварияда канча зыян келтирилгени такталды

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен келип чыккан материалдык чыгым 90 млн. сомго жакын болгону аныкталды.

Бүгүн, 13-ноябрда парламенттин тиешелүү комитетинде УКМКнын иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы чыгым 89 млн. 699 миң 230 сомду түзгөн. Анын ичинен 12 млн. сом авариядан кийинки калыбына келтирүү иштерине сарпталган.

Өткөн жылы кыш чилдеде ЖЭБ аварияга учурап, шаардыктар бир апта бою жылуулуксуз калган. Бул окуя ЖЭБдин Кытайдан алынган насыянын эсебинен оңдолгондон кийинки биринчи кышы болчу.

ЖЭБдеги коррупциялык иштерге шектелип бир нече атка минер учурда УКМКнын абагында сурак берүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика