Жээнбеков Францияга качан барары маалым болду

Президент Сооронбай Жээнбеков келерки жылы Францияга иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Парижде өткөн биринчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн барганда белгилүү болгонун парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу болгон. Жолугушууда төрага Франция мамлекет башчысына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын жеткирип, мамлекет башчысы Франция президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады.

Эммануэль Макрон Франция үчүн эң маанилүү саналган иш-чарага Кыргызстан тараптын катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика