ЖК комитети Жунусовду Өзбекстанга элчи кылууну колдоду

Ибрагим Жунусовдун Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси катары талапкерлигин ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн колдоду.

Ал буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген.

Ибрагим Жунусов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Мыйзамга ылайык, элчилер 3+1 жыл мөөнөтү менен дайындалат. Дипломат 3 жыл кызматта болот, жакшы иши менен өзгөчөлөнсө, мөөнөтү дагы бир жылга узартылат.

Ибрагим Жунусов азыр 57 жашта. 2007-жылы “Ак жол” партиясынан депутат шайланган. Эки жыл бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген. КРнын Эл артисти, 200дөй ырдын автору.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика