Атамбаевдин күйөө баласы Суракматовдон унаасын оңдотуп берүүнү талап кылды

Кыргызстан футбол федерациясынын президенти, Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов өзүнүн твиттердеги баракчасы аркылуу Бишкек мэрине кайрылды.

“Бишкек шаарынын мэрин бирөө-жарым көрдүбү? Айтып коюңуздар, жазындасы унаамды оңдоп, анан дагы алдыңкы вамперин сырдап бериши керек. Көчөлөр эмнеге айланып кеткенин билбейм же Белинскийден башка көчө жокпу”,-деп жини келген быйтыкча менен билдирүүсүн аяктаган.

  • Акыркы жааган кардан кийин шаардыктар мэрия көчөлөрдү тазалабай жатат деп нааразы болушкан.
  • Ал эми мэрия карды тазалоого 43 атайын техника тартылып, 574 тонна кум жана 49 тонна туз себилгенин айткан.
  • Семетей Султанов 2012-жылдан бери футбол федерациясын жетектеп келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика