Бала бакчага муктаждыкты жоюуга 80 млрд сом керек

Кыргызстанда бала бакчага муктаждыкты толук жоюу үчүн 1600 мекеме курулушу керек. Азыркы эсеп менен орточо алганда ага 80 млрд сом талап кылынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекөва бүгүн ЖКдагы өкмөттүк саатта билдирди. 

Анын айтымында учурда өлкөдө 3-6 жашта 608 миң бала бар. Алардын 400 миңи бала бакчаларга барбайт.

Каржы тартыштыгынан улам өкмөт бала бакчаларга альтернативдүү атайын аянтчаларды түзүүдө. Быйыл 9 китепканада кенже курактагы балдарга бурчтар уюштурулган. Бул жакка бөбөктөр 3-4 саатка келип, китеп окушат, ар кандай ийримдерге катышышат.

“Кыргызстанда 1050 китепкана бар. Кийинки жылы анын кыркында ушундай балдар бурчтары уюштурулат”, – деди Өмүрбекова.

Бүгүн Жогорку Кеңеште бала бакча, мектеп жетишсиздигине арналган өкмөттүк саат өтүп жатат.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика