Бишкекте айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү ачылды. Фото

«АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Көргөзмөнүн ачылышына катышкан биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов акыркы жылдары айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде айыл чарба техникаларынын лизингин өнүктүрүү үчүн 800 млн. сомдон ашык акча каражаты “Айыл Банк” Ачык акционердик коомуна лизинг фондун түзүүгө берилди. Ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкынан 20 млн. доллары инвестициялык насыя тартылып, бүгүнкү күнү 14,6 млн. доллары өздөштүрүлдү. Ошону менен бирге жыл башынан бери Өкмөт тарабынан дагы 102,5 млн. сом дыйкандарга кымбат оруп жыюучу техникаларды, кубаттуу тракторлорду лизингке берүү үчүн бөлүндү», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Көргөзмө 16-ноябрга чейин уланат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of