Мамлекет жарандарга бере турган тастыктамадан талап кыла турганы ашыкча экени аныкталды

Кыргызстанда 27 мамлекеттик орган жарандарга 126 тастыктама документ берсе,  ошол эле учурда 23 орган жарандардан 168 тастыктама документ талап кылары маалым болду.

Бул тууралуу Маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жарандар жогоруда аталган 126 тастыктаманы алуу үчүн кошумча 96 документти 286 жолу көрсөтүүгө аргасыз.

Өкмөт базасын өнүктүрүүнү ишке ашыргандан кийин, 2019-жылдын акырына  чейин 25 суралган тастыктама, органдар тарабынан бериле турган 59 тастыктама автоматташтырылат.

Аткаруу бийлиги “Түндүк” системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүү максатында иштеп чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика