Мышыкты аткан жалалабаддык тургун элден кечирим сурады

Соцтармакта тараган видеодогу мышыкты мылтык менен аткан адамдын ким экени аныкталды. Милиция тараткан маалыматта Жалал-Абаддын тургуну окуянын чоо-жайын айтып берип, элден кечирим сурады.

Жалал-Абад ОИИБ билдиргендей, мышык 5-октябрда чак түштө атылган. Шаардын  Миң-Өрүк көчөсүнүн 35 жаштагы тургуну Ильяз Кубатбеков өзүнүн бир жаштагы мышыгына тросстон жасалган сыйыртмак салып, жаныбарга ырайымсыз мамиле жасаган. Анан тир мылтыгы менен жаныбарды эки жолу атып өлтүргөн. Мунун баары видеого тартылган эле.

Видео соцтармакка, андан соң интернет басылмаларга тарап, чоң талкуу жаратты.

Ильяз Кубатбеков мышык оорулуу болгонун, экинчиден, тоокторго кол сала бергенинен ушундай кадамга барганын билдирди. Ал видеону досторунун вотсап тайпасына жөнөткөндөн кийин кеңири коомчулукка тарап кеткен. Жоругу үчүн Кубатбеков элден кечирим сурады.

Окуяны милиция  “жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” фактысы менен каттап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул ортодо коомчулуктун пикири дагы экиге бөлүндү: айрымдар жаныбарга мыкаачылык мамиле жазасын алышы керек десе, дагы башкалар милиция оор кылмыштардын ордуна оорулуу мышыкты өлтүргөндүн изине түшкөнүн сынга алууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика