Шадиевдин ордуна келген депутат ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында депутаттык ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришип жаткан эл өкүлү Эрмамат Тагаев ант берди.

Ал “Бир бол” партиясынын тизмеси боюнча мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин ордуна келген.
2-ноябрда Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Аскар Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ордуна Эрмамат Тагаевди депутат кылып каттаган.

Аскарбек Шадиев КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдады деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча иш козголгон.

Жай айларында Шадиев качып кеткени, көп өтпөй Америкада экени кабарланган. Үчүнчү кылмыш иши болуп «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча дагы айып тагылып, издөө жарыяланган болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика