Шашылыш билдирүү: аба температурасы кескин төмөндөйт

14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Буга байланыштуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -0…-5°.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат.

Сүрөт: Спутник-Казакстан

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика