Жээнбеков министрлерге: азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы үч мүчөсү ант беришти.

Тышкы иштер министрине дайындалган Чыӊгыз Айдарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине дайындалган Улукбек Кочкоров жана маданият, маалымат жана туризм министрине дайындалган Азамат Жаманкулов ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришишти.

Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы жаңы министрлер иштин өтөөсүнөн чыга аларына көзү жетерин белгилеп, ошентсе да аларды азыраак уктап, көбүрөөк иштөөгө үндөдү.

17-октябрда Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министрлигине, 25-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкулов менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Улукбек Кочкоров дайындалган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика