Айтматовго көңүл бурбаган Бишкек мэриясы Момбековдун намысына тийди

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы бүт дүйнөдө белгиленип, бир катар өлкөлөрдө анын ысымы эс алуу бактарына, чоң көчөлөрүнө ыйгарылды. А бирок Бишкек шаарында Айтматовдун аты жарым көчөгө берилгенин депутат Рыскелди Момбеков бүгүн парламенттик жыйында сынга алды. Муну ал борбор калаа бийлигинин чолок, чоркок саясаты деп атады.

“Өзгөчө рахмат, өзбек туугандарга. Ташкенттеги Бодомзор деген чоң көчөгө Айтматовдун атын берди. Белорусия Минсктен 20 гектар жер берди, орус туугандар Москвадан 2 гектар жер, Санкт-Петербургда сквер берди. Түрк туугандар Анкарадан көчөнүн атын, Стамбулдан скверин берди. Казак туугандар килейген сегиз тилкелүү жети чакырымдык жолун Айтматовдун атынан атады”, – деп ыраазылыгын билдирди депутат.   

“А бизде эмне болду?” – деп суроо салып, сөзүн улады Момбеков.

“Бишкектин билинбеген, иши менен илинбеген биийлиги баарын билмексенге салып койду. Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында Бишкекте бир да иш чара өткөн жок. Бул уят нерсе. Бишкек шаарынын чок ортосунда Манас атабыз менен Чыңгыз атабыздын айкелдери турат. А бирок ушул эки даңазалуу кишиге, тарыхый инсанга бир көчөнү – Белинский көчөсүн берип койдук. Жарымы Манас, жарымы Чыңгыз Айтматов. Эмне булар чолокпу? Бул деген чолок, чоркок саясат”, – деди Момбеков.

Депутат Белинский көчөсүн толугу менен Манас деп атоону, ал эми жазуучунун эстелиги турган Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун, Москва көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымдарын берүүнү сунуштады.

Момбеков ар кайсы аймактарда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленгенин эске салып, Бишкектин бийлиги бул маанилүү мааракеге көңүл бурбаганын намыс деп атады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика