Башкы прокуратура аймактарды өнүктүрүүгө кызматтык үй куруу аркылуу салым кошот

Башкы прокуратура аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өлкөнүн бир нече аймактарына кызматтык турак-жай курат.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдиргендей, курулуш иштери үчүн 91 млн. сом бөлүнгөн.

Турак-жай куруу үчүн каражат оор шарттагы аймактарга бөлүнөт. Алардын ичинен Нарын облусуна – 44 млн. 400 миң сом, Баткен облусуна – 42 млн. 600 миң
сом, Талас облусуна – 2 млн. сом, Жалал-Абад облусуна – 2 млн.
сом.

Үйлөрдү куруу эң биринчи Нарында башталып, Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановдун катышуусунда 30-октябрда үйдүн жер пайына капсула салынган.

Кызматтык үйлөрдү бүтүрүү ушул жылдын аягына чейин пландалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика