Бишкек-Ош жолунда өрттөнгөн унаанын айдоочусу аман калды

Бүгүн Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Чычкан капчыгайы) газ ташуучу унаа жүрүп баратып оодарылып кеткен. Ушундан кийин жалын тутанган. 51 жаштагы айдоочусу машинадан секирип түшүп аман калды. 

ӨКМдин маалыматында, айдоочу жеңил жараат алган, абалы туруктуу.

Өрт эки саатта өчүрүлгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика