Депутат Бишкекте заманбап аялдамаларды курууну сунуштады. Каржысын да таап койду

Депутат Марлен Маматалиев акыркы күндөрдөгү суук аба ырайы коомдук унаа менен каттаган бишкектиктерди түйшүккө салганын ЖК жыйынында айтты. Ал маселени чечүү үчүн борбор калаадагы аялдамаларды заманбапташтырып кайра курууну демилгеледи. 

Эл өкүлүнүн сунушу боюнча аялдамалардын айланасы айнек менен тосулуп, жабык түрдө курулат. Ал кышта жылуу, жайда салкын болот.

Бирок ага каржы кайдан табылат? Маматалиев аялдамаларды бюджеттен эмес, ири компаниялардын эсебинен жаңыласа болот дейт.

“Бюджеттен ашыкча акча кереги жок. Себеби аялдамалардын баарын карасаңыз, чоң-чоң компаниялдардын жарнамалары турат. Мисалы ошол эле “Демир банктын” жарнама же ижара акчасына аялдамаларды курсак болот. Аялдамага банкомат, терминалдарды орнотобуз, анын эсебинен тейлөө жагы да чечилип калат”, – деди депутат.

Маматалиев заманбап аялдамаларда коомдук унаанын жүрүү жадыбалын жайгаштырууну да сунуштады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика