Ички дүң өнүм жыл аягына чейин 2,8 пайыз болору болжонууда

«2018-жылдын соңуна дейре ИДП көлөмү 2,8%дык деңгээлде болжолдонууда», – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

 Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айынан тарта экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болуп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДП 2%га өстү», Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыга баштады”, -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд. сомдун тегерегинде болжолдонуп жатканын, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд. сомго көп болорун да кошумчалады.

«Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдар 4 млрд. сомго оптималдаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7%га азайтылды. Акчалай чегерилишинде алсак: тартыштык 20,3 млрд. сомдон 15,2 млрд. сомго чейин азайтылган», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүн, 15-ноябрда парламент депутаттары  2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы,  2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» жана 2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика